• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанга 42 миң долларлык медициналык жардам келди

Ден соолук 0

Бишкек, 26.11.20. /Кабар/. Россиянын Кыргызстандагы элчилиги жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине медициналык жардам көрсөтүү үчүн топтомдорду өткөрүп берди. Бул тууралуу ДСУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Гуманитардык жардам Россия тарабынан ДСУ аркылуу көрсөтүлүп, жер титирөө, күтүүсүз суу ташкыны сыяктуу өзгөчө кырдаалдарда жабыркаган калкка баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү үчүн медициналык багыттагы буюмдарды жана адистештирилген медициналык модулду камтыйт.

Өткөрүлүп берилген жүктүн жардамы менен талаа шартында үч ай бою 10 миң адамга медициналык жардам көрсөтүүгө болот. Ошондой эле ДСУнун жаракат жана кечиктирилгис хирургия үчүн атайын шайманы өзгөчө кырдаал учурунда бир бейтапка 2 операция деп эсептегенде (100 операция) хирургиялык жардам талап кылынган 50 бейтаптын муктаждыгын канааттандыруу үчүн материалдар жана дары-дармектер менен камсыз кыла алат.

Жүк Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Дубайдагы аймактык материалдык-техникалык жабдуу борборунан жөнөтүлүп, жалпы салмагы 4 тоннадан жогору болуп, баасы 42 миң АКШ долларынан ашты.

Пикир

Оставить комментарий