• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанга 80 миң тоннадан ашык минералдык жер-семирткичтер алып келинди

Экономика 0


Бишкек, 29.05.23. /Кабар/. Жыл башынан бери Кыргызстанга 81,5 миң тонна минералдык жер семирткичтер алып келинди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында айыл чарба министринин биринчи орун басары Нурдин Алишеров билдирди.

Анын айтымында, республиканын айыл чарбасынын минералдык жер семирткичтерге болгон жылдык керектөөсү 286,7 миң тоннаны түзөт. Анын ичинен: азот – 163,5 миң тонна, фосфор – 105,8 миң тонна, калий – 17,3 миң тонна.

"Үстүбүздөгү жылдын 25-майына карата республикага 81,5 миң тонна жер семирткич ташылып келинди. Анын ичинен азоттук жер семирткичтер – 61,7 миң тонна (37,7%), фосфордук жер семирткичтер – 19,3 миң тонна (18,2%) жана калийдик жер семирткичтери – 0,58 миң тонна (3,3%)", - деди Алишеров.

Министрдин биринчи орун басарынын айтымында, компаниялардын сатуу пункттарында жер семирткичтердин түрүнө жараша сатуу баасы: аммиак селитрасы – 32,0-46,0 сом/кг, карбамид – 38,0 -52,0 сом/кг, аммофос – 55,0-60,0 сом/кг болууда.

Устүбүздөгү жылы минералдык жер семирткичтерге болгон баалар 2022-жылга салыштырмалуу аммиак селитрасы 1 кг үчүн 8,0-10,0 сом, ал эми карбамид 10,0-12,0 сомго төмөндөдү.

Пикир

Оставить комментарий