• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанга акча которуулар 9,3 пайызга төмөндөдү

Коом 0

Бишкек, 24.09.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанга акча которуулар 9,3 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында акча которуулардын көлөмү 1225,3 млн долларды түздү. Ал 2019-жылга салыштырмалуу 9,3%га төмөн.

Алыбаев акча которуулардын кыскарышына жарандардын мекенине кайтышы жана иштеген өлкөлөрүндө ишканалардын жабылышы себеп болгонун айтат.

"Инфляцияга токтоло турган болсом 8 айдын ичинде инфляция 5,6 пайызды түздү. Ал эми валюталык рынокто акыбал туруктуу.", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий