• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанга АКШдан туристтерди тартуу аракети көрүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. Кыргызстанга АКШдан туристтерди тартуу аракети көрүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин демилгеси жана уюштуруусу менен 2022-жылдын 29-мартында америкалык бир катар белгилүү туристтик компаниялар менен кыргызстандык туристтик компаниялардын жолугушуусу өттү.

Жыйын онлайн форматында өтүп, ага бир нече америкалык туристтик компаниялар жана ондон ашуун кыргызстандык туристтик компаниялардын өкүлдөрү, АКШ өкмөтүнүн USAID программасынын жана Кыргыз-Америка бизнес кеңешинин өкүлдөрү катышты.

Жолугушууну Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев ачып, жыйынга катышкан америкалык компанияларга КРнын туристтик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берип, аларды кыргыз өкмөтүнүн бул багытта алып барып жаткан ишмердүүлүгү менен кеңири тааныштырды.

"Туризм кыргыз өкмөтүнүн экономиканы өнүктүрүүдөгү эң артыкчылыктуу багыттарынын бири, бул багытта кыргыз бийлиги бир катар өнүккөн өлкөлөргө, анын ичинде АКШнын жарандарынын Кыргызстанга келүүсүнө визалык режимди алып салды", - деди элчи.

Андан соң Кыргызстандын туроператорлор ассоциациясынын жетекчиси Анвар Юсупов жана кыргызстандык туристтик компаниялардын өкүлдөрү Кыргызстан тууралуу жана өздөрүнүн ишмердүүлүктөрү жөнүндө атайын слайд түрүндө көргөзмө сүрөттөрдү кошуу менен кеңири маалымат беришип, ар тараптуу кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Бакыт Аманбаев жана кыргызстандык туристтик компаниянын өкүлдөрү америкалык туристик компаниялардын суроолоруна жооп беришти. Жыйындын катышуучулары келчекте жакындан кызматташуу боюнча макулдашып, өз ара жеке жылуу байланыштарын түзүүгө жетишишти.

Пикир

Оставить комментарий