• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанга "Анталья - Бишкек" каттамы менен учуп келген кыргызстандык жаран кармалды

Коом 0

Бишкек, 16.08.19. /Кабар/. "Манас-аэропорт" көзөмөл өткөрмө жайында "Анталья - Бишкек" каттамы менен учуп келген кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, "Анталья - Бишкек" каттамы менен учуп келген 30 жаштагы Э.Э. аттуу кыргызстандык жаран паспорт көзөмөлүнөн өтүп жатып 1979-жылы туулган Э.Н. аттуу жаранга таандык паспортту көрсөткөн. Чек арачылар, паспорттогу адамдын сүрөтү менен документти көрсөткөн адам эки башка экенин байкашкан.

Чоочун паспортту көрсөткөн аял кармалган.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин ал жаран УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий