• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанга Армения Республикасынын Премьер-министри Карен Карапетян келди

Саясат 0

Бишкек, 6-март /Кабар/. Кыргызстанга Армения Республикасынын Премьер-министри Карен Карапетян баштаган делегация келди. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Армения Республикасынын Премьер-министрин «Манас» Эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков тосуп алды.

Армения Республикасынын Премьер-министри Карен Карапетян 2017-жылдын 7-мартында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтө турган Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн келди.

Пикир

Оставить комментарий