• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасынын кезектеги партиясы келди

COVID - 19 0

Бишкек, 30.07.21. /Кабар/. “Манас” эл аралык аэропортуна COVAX программасынын алкагында Азербайжандан коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасынын кезектеги партиясы келди.

Вакцинанын Кыргызстанга кайтарымсыз негизде 226 миң дозасы келди.

Эскерте кетсек, 16-июлда Азербайжандан гуманитардык негизде аталган вакцинанын 40 миң дозасы өлкөгө келген. Жарандарды 22-июлдан баштап эмдөө башталган. Бүгүнкү күндө AstraZeneca вакцинасы менен 1 миң 258 жаран эмделди.

Пикир

Оставить комментарий