• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кыргызстанга аткезчилик жол менен алынып келинген 2 млн. сомдук канаттуунун эти кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.10.18. /Кабар/. Аткезчилик жол менен ташылып келинген 2 миллион сомдук канаттуунун эти кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Ош-Ноокат жолунда “Ноокат” салмак-габариттик постунун алдында “ДАф” үлгүсүндөгү “Шерау” чиркегичи менен унаа текшерилген. Анда салмагы болжол менен 17 тонна болгон канаттуунун эти (өрдөктүн төш эти) салынган кутулар табылган. Алардын жанында эч кандай документтер болгон эмес.

КРнын Соода-өнөр жай палатасынын Оштогу бөлүмүнүн маалыматына караганда, кармалган товардын баасы 2 миллион 210 миң сомдон ашкан.

Аталган факт боюнча 204-беренеге ылайык (Аткезчилик) кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө иши жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий