• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстанга аткезчилик жолу менен алынып келген мандариндер кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.02.20. /Кабар/. Кыргызстанга аткезчилик жолу менен алынып келген мандариндер кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын Ак-Тилек кичирайонунда Кыргызстандын К.К.К. аттуу жаранынын башкаруусунда чиркегичи менен «Volvo FH13» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа токтотулуп, текшерилген.

Унаанын жүк салуучу бөлүгүн текшерүүдө жыгач үкөктөргө салынган мандариндер табылган. Үкөктөрдүн жалпы саны 2500, ал эми товардын наркы 25 000 кг (брутто) жана 21 750 кг (нетто) түзгөн.

КРнын Соода-өнөр жай палатасынын экспертинин корутундусуна ылайык, кармалган продукциясынын жалпы орто базар баасы 870 000 сомду түздү.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып. Материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий