• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанга аткезчилик жолу менен ташылып келген тоок жумурткасы жок кылынды

Укук тартиби 0


Бишкек, 24.12.21. /Кабар/. Кыргызстанга аткезчилик жолу менен ташылып келген тоок жумурткасы жок кылынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын аймагына Тажикстандан аткезчилик жолу менен ташылып келген 35 миң 400 даана, 2 миң 360 кг тоок жумурткасына Баткен облусундагы ветеринардык инспекторлор тарабынан ветеринардык текшерүү жүргүзүлүп, текшерүүдө ветеринардык коштоочу документтеринин жоктугу жана ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы аныкталган.

Жыйынтыгында ветеринардык инспекторлор тарабынан Баткен облусундагы бажы жана чек ара кызматкерлеринин катышуусунда жок кылуу актысы түзүлүп, жумурткалар жок кылынды.

Пикир

Оставить комментарий