• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстанга Австриянын Европа жана эл аралык иштер боюнча федералдык министри келди

Саясат 0

Бишкек, 05.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 5-ноябрда Австриянын Европа жана эл аралык иштер боюнча федералдык министри Михаэль Линхарт ЕБ-БA биринчи экономикалык форумуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу КР Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Михаэль Линхарттын Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында анын өлкө жетекчилиги, КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушуусу пландаштырылган.

Белгилей кетсек, Михаэль Линхарт КР тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Руслан Казакбаевдин чакыруусу боюнча келди.

Пикир

Оставить комментарий