• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанга Беларусь Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков келди

Саясат 0


Бишкек, 6-март /Кабар/. Кыргызстанга Беларусь Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков баштаган делегация келди. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Беларусь Республикасынын Премьер-министрин «Манас» Эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков тосуп алды.

Беларусь Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков 2017-жылдын 7-мартында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтө турган Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн келди.

Пикир

Оставить комментарий