• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанга белгилүү актриса Мерьем Узерли келди. Ал сериалдар жаатында сыйлыктын амбассадору болду

Маданият 0

Бишкек, 06.09.21. /Кабар/. Кыргызстанга «Даңазалуу доор» телесериалындагы Хюрем Султандын ролу менен дүйнөгө белгилүү болгон түрк-немец актрисасы Мерьем Узерли келди.

Актрисанын сапарынын максаты Азия дүйнөсү кинофестивалы (Asian World Film Festival) жаңы долбоорунун бет ачарын өткөрүү болгон.

Узерли аталган кинофестивалдын амбассадору болду.

Asian World Film Festival и Aitysh USA Азия аймагындагы телесериалдар үчүн киносыйлык түзүү тууралуу жарыялашкан. Фестиваль жыл сайын Стамбулда өтөт.

Мыкты сериалдар үчүн биринчи сыйлыкты тапшыруу 2022-жылы майда Стамбулда өтөт.

Сыйлыктын негиздөөчүлөрү аны түзүү идеясы Азия дүйнөсү кинофестивалынын камкорчулар кеңешинин мүчөсү, Голливуддун чет өлкөлүк пресс ассоциациясынын (Алтын Глобус) чет тилдеги тасмалар комитетинин төрагасы Сергей Рахлинге таандык экенин айтышкан. Ал эми долбоордун негиздөөчүлөрү коомдук ишмер, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана ЮНЕСКОнун ыйгарым укуктуу өкүлү Садык Шер-Нияз, ишкер Шухрат Ибрагимов, Азия дүйнөсү кинофестивалынын аткаруучу директору Джордж Шамшун жана фестивалдын тең-негиздөөчүсү Асел Шерниязова.

Мерьем Узерли Бишкектеги маалымат жыйынында журналисттерге ушундай ири долбоордун амбассадору болгонуна абдан кубанычта экенин айтты.

«Мен үчүн таң эрте экенине карабай, Германияда саат канча экенин билесиңер, мен бул жерге келгениме абдан кубанычтамын. 2019-жылы Лос-Анжелесте Дүйнөлүк азия кинофестивалынын калыстар тобунун мүчөсү болгом. Аталган фестивалдын уюштуруучулары менен жакшы мамиледебиз. Жакында Бүткүл дүйнөлүк сыйлыктар фестивалынын жаңы долбооруна катышууга чакырылганда мен кубаныч менен кабыл алдым. Кинофестивалды дүйнөгө таанытуу мен үчүн сыймык”, - деди ал.

Актриса кыска убакытка болсо дагы бул сапарга абдан кубанычта экенин жашырган жок. Ал Кыргызстандын кооз жерлерин көрүү үчүн дагы келерин айтты.

“Мен бул жерде адамдар менен жолугуп, сүйлөшүп, сиздердин өлкөңүздөрдө көп убакыт өткөрмөкмүн, бирок пандемияга байланыштуу бул мүмкүн эмес”, - деди Узерли.

Пикир

Оставить комментарий