• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанга бир катар товарларды мыйзамсыз ташып кирүү аракеттери аныкталды

Укук тартиби 0


Бишкек, 16.09.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде жайгашкан өткөрүү пункттарына жакын товарларды эсепке алуу пункттарында тиешелүү уруксат кагаздары жок ЕАЭБ өлкөлөрүнөн бир катар товарларды ташып кирүү фактыларын аныкташты.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, “Ак-Тилек” товарларды эсепке алуу пунктунда 11 даана автотранспорт каражаттарын, 700 килограмм дарбыз, 5 миң даана картон коробкаларын (бош), 20 тонна пияз, 5 471 кг кездеме, 42 тонна арпа ташып бараткан жүк ташуучу унаалар кармалды. "Чалдыбар" товарларды эсепке алуу пунктунда 45 куб/метр тактайды, Чоң-Капкадагы товарларды эсепке алуу пунктунда 30 куб/метр тактайды алып өтүүгө аракет кылышкан.

Импорттоочуларда товарларды импорттоо тиешелүү уруксат кагаздары болгон эмес.

Мыйзам бузуулардын материалдары мыйзамга ылайык иш -чараларды өткөрүү үчүн мобилдүү топко өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий