• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанга бир катар товарларды мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт коюлду

Коом 0

Бишкек, 04.04.22. /Кабар/. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде жайгашкан контролдук-өткөрүү пункттарына жакын жердеги товарларды эсепке алуу пункттарында ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн бир катар товарларды ташып кирүүдө бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Атап айтканда, "Ак-Тилек" товарларды эсепке алуу пунктунда 20 тонна күн карама (үрөн) жана 65 баш жылкы ташып жаткан жүк ташуучу унаалар кармалган.

"Чалдовар" товарларды эсепке алуу пунктунда 20 тонна беде үрөнүн жана 9 куту бут кийим үчүн крем-майды ташып кирүүгө аракет кылышкан.

Импорттоочуларда товарды ташып кирүүгө уруксат берүүчү документтер болгон эмес (салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты, коштоочу кагаз).

Мыйзамга ылайык бузуулар боюнча материалдар андан аркы чараларды көрүү үчүн мобилдик топко өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий