• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанга БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш келет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

CA-NEWS (UZ): 11-июнда Кыргызстанга Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриштин келүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу БУУнун Жаңылыктар борбору билдирди.

10-июнда Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш Өзбекстанга барып, Самаркандда президент Шавкат Мирзиёев менен жолугат.

Ошол эле күндүн экинчи жарымында Гутерриш Каракалпакстанга барып , Арал аймагынын абалы менен жакындан таанышат. Ал тик учак менен Арал деңизин айланып чыкмакчы.

Белгиленгендей, А.Гутерриш 8-9-июнда Казакстанда болуп, андан кийин Өзбекстанга барат. Башкы катчынын Шанхай кызматташтыгынын саммитинде сөз сүйлөөрү күтүлүүдө.

Борбордук Азияга болгон сапарынын алкагында А.Гутерриш 8-9-июнда Казакстанда, 10-июнда Өзбекстанда, 11-июнда Кыргызстанда, 12-июнда Тажикстанда, 13-июнда Түркмөнстанда болот.

Дүйшөмбү шаарында ал Туруктуу өнүгүүгө арналган конференцияда сөз сүйлөйт. Ал эми Ашхабадда Борбордук Азиядагы терроризм менен күрөшүүнүн стратегиясын ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөргө катышат.

Пикир

Оставить комментарий