• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанга чет өлкөлүктөрдүн кирүүсүнө тыюу салынды – ТИМ

Коом 0

Бишкек, 18.03.20. /Кабар/. Кыргызстанга чет өлкөлүктөрдүн кирүүсүнө тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында КР тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди.

"Калктын саламаттыгын камсыздоо жана коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында чет өлкө жарандарына өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынды, - деди ал.

Чектөө 19-марттан тарта күчүнө кирет.

Ошол эле учурда кыргыз жарандары өлкөгө кире алышат жана чет өлкөлүктөр Кыргызстандан чыга кете алышат.

Ал белгилегендей, бул тыюу салуу жүк ташуучу унааларга тиешеси болбойт.

Пикир

Оставить комментарий