• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанга чоочун паспорт менен кирүүгө аракет кылган өзбекстандык жаран кармалды

Аймак 0

Бишкек, 20.07.19. /Кабар/. Бүгүн, 20-июль күнү "Кадамжай - унаа жолу" көзөмөл өткөрмө жайында Кыргызстанга чоочун паспорт менен кирүүгө аракет кылган өзбекстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, кармалган аял киши Өзбекстандын 42 жаштагы М.Е. аттуу жараны болгон. Ал паспорт көзөмөлүнөн өтүп жатып 45 жаштагы И.З. аттуу жаранга таандык паспортту көрсөткөн. Чек арачылар сүрөттөгү адам менен 42 жаштагы М.Е. окшош эместигин дароо көрүшкөн.

Ал, паспорт эжесине таандык экендигин айткан.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин ал жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий