• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанга COVID-19 жукпаганын тастыктаган ПЦР-тести бар туристтер келе алат

Өкмөт 0

Бишкек, 02.06.21. /Кабар/. Кыргызстанга COVID-19 жукпаганын тастыктаган ПЦР-тести бар туристтер келе алат. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

Штаб белгилегендей, дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясына каршы вакцинациялоо ыктыярдуу негизде жүргүзүлүүдө.

Учурдагы алгоритмдерге ылайык, чет элдик жарандардын жана туристтердин Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө коронавирус инфекциясына карай тестирлөөнүн терс жыйынтыгы (72 саатка жарактуу) болгон учурда уруксат берилет.

Республикалык штаб белгилегендей, коронавирустан вакцинациялангандыгы тууралуу сертификаттын болушу республикасынын аймагына кирүү үчүн милдеттүү талап катары саналбайт.

Пикир

Оставить комментарий