• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанга дагы “Ми-8” тик учагы жана 40 даана өрт өчүрүүчү техника келет

Президент 0

Бишкек, 01.02.23. /Кабар/. Кыргызстанга алдыда Россиядан гуманитардык жардам иретинде 40 даана өрт өчүрүүчү техника жана “Ми-8” тик учагы келет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-февралда Бишкекте атайын техникаларды жана жаңы автобустарды тапшыруу аземинде билдирди.

Анын айтымында, тизилип турган 100 даана атайын өрт өчүрүүчү техникадан тышкары, буга чейин эки заманбап тик учак, 58 өрт өчүрүүчү унаа, 81 инженердик техника жана 34 бирдик ар кандай техникалар алынган.

“Жакында Россиядан 20 миллион долларга жакын суммага жардам иретинде 40 өрт өчүрүүчү техника жана бир Ми-8 тик учагы келет. Ошондон кийин ӨКМ жакынкы 15-20 жылга керектүү техника менен камсыз болот”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий