• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өлкөгө дары жана уюлдук телефондорду аткезчилик жол менен алып өтүү каналы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.12.21. /Кабар/. Кыргызстандын аймагына дары-дармектерди жана уюлдук телефондорду аткезчилик жол менен алып өтүү каналы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 22-декабрында “Чоң-Капка” контролдоп өткөрүү пунктунда дары-дармектерди жана уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылуу учурунда «Вольво» үлгүсүндөгү унанын айдоочусу КР жараны М.М.К. кармалды.

Унааны текшерүү учурунда, жалпы суммасы алдын ала 50 млн сомдон ашык болгон, өсүмдүк майы түрүндөгү товарлар деп катылган, болжол менен 1500-2000 кутуча дары-дармектер жана 348 даана уюлдук телефон табылды. Ошол эле учурда бул товарлардын түрлөрүнө тиешелүү документтери жок болуп, дары-дармектерди ташуудагы милдеттүү шарттар аткарылган эмес.

Белгилей кетсек, бул унаа Россиядан келип, республиканын түштүк аймактары көздөй бара жаткан.

Учурда бул фактынын жагдайларын тактоо, анын ичинде контрабандалык жүктүн келип чыгышын жана чыныгы ээлерин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий