• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанга донорлордон 243 млн доллар жардам келген

Экономика 0

Бишкек, 15.05.20. /Кабар/. Кыргызстанга донорлордон 243 млн доллар жардам келди. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, сырттан келген 243 млн доллардын 120 млн доллары Эл аралык валюта фондунан март айынын аягында келген.

"Сомго айландырганда ал 10,5 млрд сомду түздү. Ал каражаттар жумшалган айрым беренелерди айта кетейин, биринчи кезекте алар корголгон беренелер боюнча, маселен, 4 млрд сом айлык маянаны төлөөгө, 1,8 млрд сом Социалдык фондго, 1,2 млрд сом Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна, дээрлик 1 млрд сом жөлөкпулдарга жумшалган", - деди ал.

Ошондой эле 13-май күнү Эл аралык валюта фондунан экинчи транш катары 120 млн долларга жакын каражат келген.

"Ал каражат азырынча колдонула элек. Андан тышкары, ар түрдүү булактардан коронавирус менен күрөшүү үчүн Саламаттык сактоо министрлиги аркылуу жана гуманитардык жардам катары 1,8 млн доллларлык жардам келген . Алар ар кандай медициналык каражаттар, азык-түлүк түрүндөгү гуманитардык жардам, тест-системалар ж.б.", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий