• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанга ЕӨБдан 110 млн доллар өлчөмүндөгү насыя берилүүдө - В.Путин

Саясат 0

Бишкек, 14-апрель /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстанга Евразиялык өнүктүрүү банкынан конкреттүү түзүмдүк долбоорлорду каржылоо үчүн 110 млн доллар берилүүдө. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин кеңейтилген жыйынында Россиянын Президенти Владимир Путин билдирди.

“Экономиканын өсүшү жана туруктуулугу, ошондой эле, каржылык туруктуулук актуалдуу маселелерин чечүүдө Евразия өнүктүрүү банкы маанилүү роль ойнойт. Ал башкарган Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду ири инвестициялык демилгелерди ишке ашырууда олуттуу мааниге ээ. Долбоорлорду ишке ашырууга 4 млрд доллар каралган. Акыркы кызматташуу Кыргызстанга конкреттүү жана түзүмдүк долбоорлорду каржылоого 110 млн доллар өлчөмүндө насыя берүү болду”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий