• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанга ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович келди

Саясат 0

Бишкек, 04.02.20. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чакыруусу менен Евразия экономикалык комиссиянын коллегиясынын жаңы төрагасы Михаил Мясникович расмий сапар менен Бишкекке келди. Бул анын чет өлкөгө жасаган алгачкы сапары.

Сапардын алкагында президент Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жолугушуулар пландалган.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2025-жылга чейин евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары, ЕАЭБ рыногунда орун алган тоскоолдуктарды, алып коюуларды жана чектөөлөрдү четтетүү, ошондой эле экономикалык ишмердүүлүктүн бир катар багыттарындаЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин макулдашылган саясатын жана шайкеш мыйзамын жүргүзүүгө байланыштуу маселелерди талкуулоо пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий