• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанга эки жума ичинде 2,5 миң кычкылтек концентратору келди – вице-премьер

Ден соолук 0

Бишкек, 16.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстанга эки жума ичинде 2,5 миң кычкылтек концентратору келди. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова брифингде билдирди.

Анын айтымында, кычкылтек концентраторлор гумжардам аркылуу жана бюджеттен каралган каражатка алынган.

“Концентраторлор медициналык мекемелерге бөлүштүрүлгөн. Баткенге 157, Жалал-Абадга 371, Ысык-Көлгө 402, Нарынга 99, Ош облусуна 340, Таласка 35, Чүйгө 270, Бишкекке 396, Ош шаарына 177 даана кычкылтек концентраторлору бөлүштүрүлдү. Ошондой эле өлкөнүн дарылоо жана алдын алуу мекемелерине - 140 кычкылтек концентратору берилген, резервде дагы 50 концентратор бар. Жакын арада дагы керектүү меджабдыктар алынат”, - дейт ал.

Исмаилова өлкө боюнча күндүзгү стационарлар иштеп жатканын айтат.

“Бишкек жана Ошто түнкү стационарлар дагы иштеп, бейтаптарды күнү-түнү кабыл алууда”, - деди Исмаилова.

Пикир

Оставить комментарий