• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанга эмдөө сертификаты жактырылган 20 өлкөнүн туристтери келе алышат

COVID - 19 0

Бишкек, 11.08.21. /Кабар/. Кыргызстанга COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы эмдөө сертификаты жактырылган 20 өлкөнүн туристтери келе алышат. Бул тууралуу брифинг учурунда КР Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда Венгрия, Улуу Британия, Катар мамлекети, Израиль, Сауд Аравия падышачылыгы, өзбекстан, Грузия, Румыния, Россия, Корея Республикасы, Сан-Марино Республикасы, Түркия, Франция, Германия, Польша, Щвейцария Конфедерациясы жана Европа биримдиги сыяктуу өлкөлөрдүн сертификаттары таанылган.

"Башка өлкөлөрдөн дагы эмдөө тууралуу сертификаттарынын үлгүлөрүн бекитүү боюнча дагы документтер келип түшкөн, алар учурда каралууда”, - деди Кенжематова.

Туризм департаментинин директорунун орун басары пандемия Кыргызстандын туристтик тармагына оор кесепеттерди алып келгенин белгиледи. "Көптөгөн өлкөлөр чек араларын, унаа жана аба каттамдарын жабышты. 2020-жылы Кыргызтсанда катуу карантиндик чаралар дээрлик эки жарым айга созулду, ошондон бери эпидкырдаал курч бойдон калууда. Туризм тармагы дагы көп жоготууларга учурады. Азыркы күнгө чейин айрым чектөөлөр бар. Туристтик сезондук иш -чараларды уюштуруу жана өткөрүү абдан кыйын болду. Бирок, өкмөт туристтик тармакка колдоо көрсөттү: салыктын мөөнөтү узартылды, пандемиянын кесепеттеринен жапа чеккен чакан жана орто бизнести колдоо үчүн ар кандай программалар иштелип чыкты”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий