• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанга ЕРӨБнын башчысы келет

Экономика 0

Бишкек, 20.05.19. /Кабар/. Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) директору Сума Чакрабарти Кыргызстанга келет. Бул тууралуу аталган банктан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 21нен 24-май күндөрү Сума Чакрабарти Кыргызстанда болуп, президент Сооронбай Жээнбеков жана башка жетекчилик кызматтагы адамдар менен жолугушат.

Визиттин алкагында Сума Чакрабарти бир катар иш-чараларга да катышат.

Бүгүнкү күндө ЕРӨБ КРнын экономикасына 825 миллион АКШ долларынан ашык инвестиция салган. Инвестициянын ири бөлүгү жеке ишкерликти колдоого багытталган. 2018-жылда эле Банк өлкөдөгү 16 долбоорго кол коюп, жалпы суммасы 37,5 млн. еврону түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий