• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанга эжесинин паспорту менен кирүүгө аракет кылган кыз кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.03.20. /Кабар/. Кыргызстанга эжесинин паспорту менен кирүүгө аракет кылган кыз кармалды. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, Стамбул-Бишкек багыты боюнча учуп келген 1991-жылкы Н.Ж.к., аттуу кыргызстандык кыз чек арачыларга чет элдик паспортун көрсөткөн.

Документтерди текшерүү учурунда паспорт башка бирөөгө таандык экендиги аныкталган. Маалым болгондой, Н.Ж.к., аттуу кыз мамлекеттик чек арадан эжесинин паспорту менен өтүүгө аракет кылган.

Керектүү документтер чогултулган соң, кармалган кыз КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин ааймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий