• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанга гуманитардык жардам келүүдө: Кимдер жардам көрсөтүүдө?

COVID - 19 0

Бишкек, 17.04.20. /Кабар/. Республикалык штаб Кыргызстанга сырттан келип жаткан гуманитардык жардам боюнча маалымат берди.

Донор-өлкөлөр көрсөтүп жаткан гуманитардык жардам:

- Россия – 13 миң 700 тест-система жана аларга 110 таӊгак реагент берилди.

- Кытай – 7 миң тест-система (реагенттер), 200 миң беткап, 10 миң респиратордук беткап (№95), 1 миң коргоочу медициналык костюм, 1 миң коргоочу медициналык халат, 500 термометр, 1 миң коргоочу медициналык көз айнек, 1 миң медициналык кол кап, 1 миң медициналык бахила берилди.

- Швейцария – Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын Биринчи май районунун Үй-бүлөлүк медициналык борборлорунун мобилдүү бөлүмдөрүн жабдыктады, 35 кычкылтек концентратору келиши күтүлүүдө.

- Япония – 2 миң экспресс-тест (Primers and Probes и Positive Control) келди.

- Корея – 500 жуп медициналык кол кап, 10 литр кол антисептиги, 5 литр буюм беттеринин спрей-антисептиги келди.

* Кореядагы КР жарандарына 800 беткап жана 500 мл антисептик берилди.

- Түркия – 200 таӊгак тест-система, 5 миң беткап, 200 коргоочу костюм, 100 коргоо фильтрлери бар беткап, 12 коргоочу көз айнек келди.

* "Манас" университети өзүнүн 250 орундук жатаканасын карантиндик борбор катары бөлүп берди.

- Өзбекстан – 16 миң беткап, 7 миң 900 коргоочу комбинезон, 4 миң 800 тест-система жана аларга реагенттер, 1 миң тонна ун, 20 миң кол кап, 2 миң №95 респиратору, 500 коргоочу көз айнек, 200 пирометр берди.

Эскертүү: Мындан сырткары, донор-өлкөлөрдөн 274 миң 162 доллар келди. Россия жана Өзбекстан көрсөткөн гуманитардык жардамдын суммалары такталууда.

Пикир

Оставить комментарий