• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанга Япониядан дарт аныктоочу көчмө томографиялык аппарат келди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.05.23. /Кабар/. Кыргызстанга Япониядан дарт аныктоочу көчмө томографиялык аппарат келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Япониянын “Toshiba” компаниясынан чыккан бул аппарат бир жылга акысыз колдонууга берилген.

Учурда бул аппаратты жер-жерлерге жеткирүүнүн чыгымдарын, анда иштеген дарыгерлердин айлык акысын чечүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Жакынкы аралыкта дагы 8 млн долларга гранттык негизде жаңы үлгүдөгү медициналык жабдуулар алынып келери күтүлүүдө.

"Буга чейин чоң шаарларда томографиялык аппараттар бар болгону менен алыскы, бийик тоолуу аймактар заманбап дарт аныктоочу аппаратка муктаж болуп келишкен. Андыктан жаңы көчмө томографиялык аппарат Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабировдун биргелешкен аракеттеринин аркасы менен алынды", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий