• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанга япониялык Advanced Material Japan компаниясынын өкүлдөрү келди

Экономика 0

Бишкек, 05.07.22. /Кабар/. 2022-жылдын 4-июлунда «Улуу Көчмөндөр Мурасы» Улуттук холдинг компаниясынын президенти Теңиз Бөлтүрүк менен япониялык Advanced Material Japan Corporation компаниясынын атайын кеңешчиси Шигео Накамуранын жолугушуусу болуп өттү (Shigeo Nakamura).

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанга инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча маселелер каралды. Шигео Накамуранын айтымында, учурда Япония инвестиция салуу жана түрдүү тармактарда бизнес долбоорлорун түзүү үчүн Борбор Азия өлкөлөрүн изилдеп жатат.

Япониялык компаниянын өкүлүнө «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын башкаруучусу болгон «Улуу Көчмөндөр Мурасы» Улуттук холдинг компаниясынын долбоорлору тууралуу кеңири маалымат берилди. Аталган жапониялык компаниянын ишмердүүлүгүнө жакын болуп саналган сейрек жер элементтер кенин иштетүү долбоору Шигео Накамуранын өзгөчө кызыгуусун жаратты. Жапония сейрек кездешүүчү элементтерди жеткирүүнү диверсификациялоого кызыкдар экендиги, ал эми Кутессай-II долбоору өз кезегинде Борбор Азия чөлкөмүндөгү мындай объектилердин арасынан өндүрүшкө алуу баскычына жакын экени белгиленди.

«Биз алдыңкы технологияларды алууга, инвестицияларды тартууга кызыктарбыз жана биздин мамлекеттерибиз үчүн өз ара пайдалуу кызматташууга даярбыз», – деп белгиледи «Улуу Көчмөндөр Мурасы» Улуттук холдинг компаниясынын президенти.

Жолугушуу «Кумтөр» компаниясынын жана «Улуу Көчмөндөр Мурасы» Улуттук холдинг компаниясынын жаңы кеңсесинде өттү, андагы шарттар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүүгө, инвесторлорду жана потенциалдуу өнөктөштөрдү кабыл алууга мүмкүндүк берет.

Маалымат: Advanced Material Japan Corporation (AMJ) — Япониядагы алдыңкы соода компаниясы жана дистрибьютору. Компания сейрек кездешүүчү металлдарга, вольфрам концентратына, оксиддерге жана вольфрам буюмдарынын дагы башка түрлөрү боюнча адистешкен. AMJ ошондой эле молибден, титан, тантал, ниобий, ферросплав жана башка сейрек кездешүүчү металлдар рынокторунда күчтүү позицияга ээ. Компания өндүрүштө чоң тажрыйбага ээ, анын тарыхы Chori Advanced Material Ltd компаниясынан баштап, 2004-жылы негизделген AMJ компаниясы менен уланат. Компаниянын башкы кеңсеси Токиодо жайгашкан, Пекинде, Шанхайда, Москвада, Владивостокто, Торонтодо, Ханойдо жана Улан-Батордо өкүлчүлүктөрү бар.

Пикир

Оставить комментарий