• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанга Индиядан 10 миң туристтин келүүсү күтүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 08.06.22. /Кабар/. Индиянын Нью-Дели жана Мумбай шаарларында ири ишкана жана инвесторлорго Кыргызстандын туристтик потенциалы тартууланды. Бул тууралуу “КР туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” ААКсынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 200дөн ашык компания кызыгуусун билдирген. Быйыл Индиядан келген туристтердин саны 10 миңге жетери айтылууда.

“Туристтер бир гана жайды эмес, бардык мезгилди кароодо. Кыргызстанда үйлөнүү тойлорду өткөрүү жана кино, клип тартуу тармагы да полулярдуу болууда”, - деп айтылат маалыматта.

Индиялык Salvia promoters компаниясы менен кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Мындан сырткары, Бишкек – Нью-Дели аба каттамдары жүрүүдө. Чартердик рейстер жумасына эки жолу абага көтөрүлүүдө. Алдыда каттамдардын санын көбөйтүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий