• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанга ири инвестицияларды тартуу боюнча активдүү иштер жүрүүдө — Төрөбаев

Өкмөт 0

Бишкек, 17.01.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын Биринчи радиосунун “Түз байланыш” уктуруусунун суроолоруна жооп берип жатып “Министрлер кабинети Кыргызстандын бизнес-тармагына ири инвестицияларды тартуу боюнча активдүү иш алып барууда жана биздин экономика арзан финансылык ресурстарга муктаж”, - деп билдирди.

2022-жылдын биринчи кварталында тышкы саясатты ийгиликтүү ишке ашыруунун аркасында ар бири уставдык капиталы 50 млн АКШ долларын түзгөн кыргыз-өзбек жана кырыз-венгр эки өнүктүрүү фонду ишке кирди.

Ошондой эле 2022-жылдын аягында “Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун” (уставдык капиталы 25 млн АКШ доллар), “Абу-Даби өнүктүрүү фонду менен биргелешкен холдингди” (уставдык капиталы 100 млн АКШ доллар) түзүү боюнча келишимдерге кол коюлган.

Мындан тышкары, 2022-жылы Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду кредиттөө жана инвестициялык ишмердүүлүктү күчөтүп, жалпы суммасы 165 млн АКШ долларына 44 жаңы түз каржылоо инвестициялык долбоорлорун бекитти, бул 2021-жылга карата 6 эсеге өсөт. 2022-жыл ичинде Фонд жалпы суммасы 64 млн АКШ доллар өлчөмүндө кредиттерди берди, бул 2021-жылга карата 43% өсүштү билдирет.

“2022-жыл ичи жалпы суммасы 20 млн долларга 12 инвестициялык долбоор ишке киргизилген. Учурда фонд мурда бекитилген долбоорлорду каржылоону улантууда, 2023-жылы Фонд жалпы суммасы 64 млн долларга 27 долбоорду жана 2024-жылы жалпы суммасы 133 млн долларга 5 долбоорду ишке киргизет” – деди Бакыт Төрөбаев.

Ошону менен бирге министрлер кабинети өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн ички резервдерди пайдалануу боюнча чараларды көрүп жатат. Алсак, 2022-жылы мамлекеттик программаларды ишке ашыруу максатында эки мамлекеттик банк мамлекеттик бюджеттен 3,5 млрд сом өлчөмүндө капиталдаштырылды. Мамлекеттик банктардын уставдык капиталынын мындай көбөйүшү дыйкандарды жана ишкерлерди арзан кредиттер менен камсыздоого мүмкүнчүлүк түздү.

“2022-жылдын аягында Мамлекеттик өнүктүрүү банкын ишке киргизүү боюнча иштер башталганын белгилеп кетким келет, анын функциясы энергетика, өнөр жай жана айыл чарба тармагындагы стратегиялык маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу”, - болуп саналаарын Бакыт Төрөбаев кошумчалады.

2022-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча “Айыл Банк - РСК Банк” мамлекеттик банктары тарабынан жалпы суммасы 29,6 млрд сом насыя берилген. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 10 млрд сомго көп. Мамлекет башчысынын тапшырмасын аткарууда Баткен облусун өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

“Жогорудагы иштер өнүктүрүү фонддорунун жана коммерциялык банктардын ресурстарын координациялоону жана консолидациялоону талап кылат, мен министрлер кабинетинин төрагасынын экономиканын реалдуу секторун тейлеген орун басары катары Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын Координациялык кеңешин жетектейм”, - деди Бакыт Төрөбаев.

Пикир

Оставить комментарий