• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанга Johnson & Johnson бир дозалык вакцинасы келет — Ишенапысова

COVID - 19 0

Бишкек, 25.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанга Johnson & Johnson бир дозалык вакцинасы келет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Республикалык иммундук алдын алуу борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, Johnson & Johnson вакцинасы “Спутник лайт” сыяктуу даярдалат.

“Бул вакцинанын келишин эл талап кылууда. Биз Pfizer`ди алып келсек, калк Moderna`ны сурап жатат. Аны дагы алып келсек, эми Johnson & Johnson вакцинасын суроодо”, - дейт ал.

Ишенапысова башка өлкөгө салыштырмалуу Кыргызстанда бир катар вакцинанын түрү бар экенин кошумчалады.

Коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын 4 млн 800 миң 700 дозасы бар экенин айткан.

Пикир

Оставить комментарий