• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанга көп функционалдуу коляскалар келди. Ал акысыз берилет

Коом 0

Бишкек, 15.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстанга ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн көп функционалдуу коляскалар келди. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров брифингде билдирди.

Анын айтымында, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жашоо шартын жакшыртуу жана аларды коомго интеграция кылуу максатында бир катар иштер жүргүзүлдү.Учурда республика боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 25 миңден ашык жаран ар кандай кызматта иштөөдө.

“Алардын коляскага болгон муктаждыгын толук чечүү үчүн мурдагы жылдарга караганда дээрлик 5 эсе көп каражаттын бөлүнүшүн карадык. Ошондой эле көп функционалдуу коляска сатып алууга мыйзам жол берген эмес, бирок бул коляскага суроо талап күч болуп турган. Өкмөттүн токтом, жоболоруна өзгөртүү киргизип, көп функционалдуу коляска сатып алууга толук мүмкүнчүлүк алдык. Жакында анын алгачкы партиясы бизге келип түштү. Дагы эки-үч күндө калган паритялары да келет. Алардын 2 миңи жөнөкөй, 570и көп функционалдуу коляска. Кимде-ким коляскага муктаж болсо, биздин эксперттик комиссиянын корутундусу менен аны акысыз ала алат”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий