• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанга кайсы өлкөлөрдөн көп турист келет?

Өкмөт 0

Бишкек, 11.02.20. /Кабар/. Аймактарды өнүктүрүү менен туристтик тармактын өнүгүшүн бөлүп кароого болбойт. Бул тууралуу өлкө туризмин өнүктүрүү боюнча отурумда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Ал, өлкөбүздө туристтик объекттерди ачуу үчүн ылайыктуу келген кооз жаратылыш бар экенин белгиледи.

Ал, былтыр өлкөгө канча киши келгени боюнча статистикалык маалыматтарды айтып өттү. Аны менен бирге, ал келген адамдардын ичинен туристтерди өзүнчө бөлүп эсептөө туура эмес жасалып жатканын белгиледи.

"Турист ким деген эсептөө ыкмасы бурмаланды", - деди ал.

Анын айтымында, 2019-жылы өлкөгө 8,5 млн киши келген. Алардын басымдуу бөлүгү –Өзбекстандан, Казакстан менен чектешкен райондордон туугандарына конокко келгендер, майда соода-сатык менен алектенгендер.

"Кыргызстанга келгендердин ичинен 8,2 млн киши КМШ өлкөлөрүнүн жарандары болушат. Өзбекстандан 4,5 млн киши, Казакстандан 2,2 млн адам, Россиядан 500 миң киши келген. Алыскы чет мамлекеттерден 289,6 миң адам келген. Түркиядан 57 миң, Кытайдан 34 миң, Германиядан 25 миң, Франциядан 9,2 миң, Сауд Аравиядан 6,7 миң, Япониядан 5 миң, Испаниядан 3 миң киши келген", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий