• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанга калдыктарды рекультивациялоого 30 млн евро бөлүү сүйлөшүлдү

Коом 0

Бишкек, 12.03.21. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлү Эдуард Ауэр менен жолугушту. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Анда Европа биримдиги жана Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган уран калдыктарын рекультивациялоо жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле Майлуу-Суудагы калдыктарды калыбына келтирүү жана рекультивациялоо боюнча техникалык-экономикалык негиздөө маселелери талкууланды.

Ажикеев Майлуу-Суу шаарындагы калдык сактоочу жайларын рекультивация жумуштарына Европа Биримдигинен 30 млн евро бөлүү мүмкүнчүлүгүнө токтолду. Өз кезегинде Эдуард Ауэр бул маселени карап чыгууга даяр экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий