• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстанга Казакстан менен Азербайжандын парламенттик делегациялары келди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 23-июнда Кыргызстанга Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Кеңешинин отурумуна жана 11-пленардык жыйынына катышуу үчүн Казакстандын Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов жана Азербайжандын Улуттук Жыйынынын төрайымы Сахиба Гафарова баштаган парламенттик делегациялары келди.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, меймандарды парламент төрагасынын орун басары Улан Примов тосуп алды.

Мындан тышкары, бүгүн ТүркПАга мүчө мамлекеттердин жана башка боордош өлкөлөрдүн парламенттик делегациялары да келери күтүлүүдө.

Алсак, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Кыргызстанга келген парламенттик делегациялардын башчылары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Ал эми ТүркПАнын Кеңешинин отуруму жана 11-пленардык жыйыны өз ишин эртең, 24-июнда баштайт.

Пикир

Оставить комментарий