• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанга Казакстандан миң тонна буудай үрөнү келет - Айыл чарба министрлиги

Коом 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Казакстандан миң тонна буудай үрөнү келет, деп билдирет КР Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, КР калкынын унга болгон керектөөсүн камсыздоо максатында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы эки тараптуу өкмөттөр аралык комиссиясынын келишимине ылайык, Казакстандан миң тонна "Карабалык-20" сортунун элита репродукциясындагы жаздык буудайдын сертификатталган үрөнү темир жол аркылуу келет.

Учурда буудай үрөндөрү 50,0 кг капка толтурулуп вагондорго толук жүктөлүп, биринчи партиясы ушул жылдын 2-мартына чейин КР ӨКМ МРФна караштуу «Карасуу-Дан-Азык», Жалал-Абаддагы «Азрат-Айыб» ААК, Кара-Балтадагы «Дан» мамлекеттик ишканасына, Бишкек борбордук базасына жана Балыкчы шаарына келүүсү күтүлүүдө.

"Аталган буудайдын жаңы сорту кургакчылыкка ылайыкталган, баасы-45,3 сом. "Айыл Банк" ачык акционердик коому аркылуу үрөн чарбаларына жана айылдык товар өндүрүүчүлөргө 4,5 пайыздык чен менен мурунку алган насыясына карбастан 300 миң сомго чейин күрөөсүз эки жылдык мөөнөт менен берилет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий