• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

COVID-19: Кыргызстанга келүүчү жактар үчүн текшерүү алгоритмине өзгөртүүлөр киргизилди. Шарттары

COVID - 19 0

Бишкек, 20.01.21. /Кабар/. 2021-жылдын 23-январынан тарта өлкөгө авиатранспорт аркылуу келген Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн акыркы 72 саат ичиндеги ПЧР-анализи терс чыккан маалымдамалары болушу милдеттүү. Бул туурасында Республикалык ыкчам штабдын кеңешмесинде айтылды.

Белгиленгендей, Кыргыз Республикасына коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын кирүүсүнүн алдын алуу максатында кабыл алынган жогорулатылган коопсуздук чараларына байланыштуу өлкөгө келүүчү жактар үчүн текшерүү алгоритмине өзгөртүүлөр киргизилди.

Атап айтканда, эл аралык каттамдарды ишке ашырууда аба кемесинини бортунда жүргүнчүлөрдү сурамжылоо өткөрүлөт, келген учурда анкеталар санитардык-карантиндик посттордун кызматкерлерине берилет. Аэропортто дене табын өлчөө, санитардык ченемдердин жана социалдык обочолонуу талаптардын сактылышы, ПЧР-иликтөөсүнүн бардыгы текшерүүгө алынат. Клиникалык көрсөткүчтөр байкалган учурда госпиталдаштыруу жүрөт.

ПЧР-тесттин мөөнөтү учуу узактыгына, же авиакаттамдын кармалуусуна байланыштуу обьективдүү себептер боюнча өтүп кетсе (72 саат), ал жактар келген орду (аэровокзалда) боюнча ПЧР-иликтөөдөн өтүүсү тийиш.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын Кыргыз Республикасынын жарандары, чет элдик жарандар, жарандыгы жок жактар автомобилдик пункттар аркылуу кесип өтүүсүндө акыркы 72 саат ичинде жасалган ПЧР-анализи терс чыккан маалымдамалары болушу зарыл. Дене табы өлчөнүп, санитардык ченемдердин жана социалдык обочолонуу талаптардын сактылышы текшерилет. Клиникалык көрсөткүчтөр байкалган учурда госпиталдаштыруу жүрөт. Контакттык жактар анкета толтуруп, обочолонууга жөнөтүлөт.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева текшерүү алгоритмдерин тыкыр сакталышынын маанилүүлүгүн белгиледи.

«Вирустун жаңы штаммынын жайылышына байланыштуу жарандардын өлкөгө келүүсүндө коопсуздуктун жогорку деңгээлин камсыздоо зарыл», - деди ал.

Кеңешменин жүрүшүндө ошондой эле жалпы билим берүү мектептеринин кадимки режимге баскычтуу өтүшүнө байланыштуу алардын ишиндеги алгоритмдерди сактоо маселеси талкууланды.

Эльвира Сурабалдиева өлкөнүн мектептериндеги санитардык-эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөө, белгиленген алгоритмдерди сактоо боюнча тапшырмаларды берди.

Штаб кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий