• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанга келген чет элдиктердин арасында Кытай жарандары болгону 1%ды түзөт – Ибраимжанов

Коом 0

Бишкек, 25.01.19. /Кабар/. Кыргызстанга келген чет элдиктердин арасында Кытай жарандары болгону 1%ды түзөт. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов өкмөттөгү отурум учурунда билдирди.

Анын айтымында, 2017-2018-жылдары Кыргызстанга келген жарандардын басымдуу бөлүгүн Казакстандын жарандары түзгөн - 47% (5 млн. 469 миң 367 киши келип, 5 млн. 424 миң 445 киши кеткен). Өзбекстан - 35% (4 млн. 84 миң 869 киши келип, 3 млн. 945 миң 790 адам кеткен), Россия - 9% (1 млн. 100 миң 232 адам келип, 991 миң 54 киши кеткен), Кытай - 1% (77 миң 332 келип - 77 миң 1 киши кеткен).

Пикир

Оставить комментарий