• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанга келин болгон жапон балеринасы

ТАГДЫР 0

29 жаштагы жапониялык балерина Мегуми Мацумото Орусияда окуп жүрүп кыргызстандык жаш балет бийчиси Атабек Садыркулов менен таанышат. Бул таанышуу Мацумотонун кесиптик жана жеке жашоосунда жаңы барактын ачылышына себеп болот. Мацумото менен Садыркуловдун Орусияда башталган сүйүү романы Кыргызстанда уланып, акыры жапондук балерина Мацумото кыргыздарга келин болуп калат.

“Эжемден улам балетке кызыгуум ойгонгон”

Мегуми Мацумото 4 бир туугандын экинчиси. Атасы архитектор, апасы болсо үй кожойкеси. Ал 1991-жылы Жапониянын Токио шаарында жарык дүйнѳгѳ келген. 3 жашында эжесинин балет менен машыкканын көрүп, бул өнөргө арбалып калган. Бир учурларда стюардесса болгусу келген кыз кайра эле эжесин ээрчип жүрүп, балет бийлеген кыздарды кѳрүп, стюардесса болом деген кыялынан баш тартат. Алтургай, эжеси кийинчерээк балетти таштаса да, Мегуми балерина болуу кыялынан кайткан эмес. Токиодо хореографиялык окуу жайда окуган Мацумото 12 жашка чейин бир топ балет конкурстарына катышат. Жапониядагы билимине канааттанбаган кыз өз ѳлкѳсүндѳ кѳп сандаган балет студиялары болгонуна карабай, балет боюнча тажрыйбуу окуу жайлары бар Орусияга өзүн профессионалдык жактан жетилтиш үчүн багыт алат.

15 жашында Орусияга болгон кызыгуусу ойгонот

Мегуми 15 жашка толгондо Орусиянын Перм шаарында жайгашкан Перм Мамлекеттик университетинде билим ала баштайт. Бул жерде 4 жыл хореографиялык билим алат. Мацумото 20 жашында Орусиянын борбору Москва шаарындагы Балет театрында бүтүрүү аземинде бийлеп, театрдын жетекчилигинин купулуна толот. Жетекчилик Мегумини Москва Балет театрына чакырат. Бул жерде Бишкек хореографиялык окуу жайды бүтүрүп, Кыргыз улуттук опера жана балет театрында иштей баштаган кыргызстандык жаш балет бийчиси Атабек Садыркулов менен таанышат. Экѳѳ "Корона русского балета" театрынын бийчилери менен бирге Орусиянын кѳп жерлерин кыдырышат жана дүйнѳлүк деңгээлдеги турнирлерге катышат.

“Кыргызстан жана кыргыздар тууралуу билчү эмесмин”

Жаш балерина Мегуми Атабекти алгач кѳргѳндѳ аны кытайлык же кореялык болсо керек деп боолголойт. Кийинчерээк анын орусча абдан жакшы сүйлѳгѳнүн көрүп, анын тегине кызыгып калат. Атабек менен жакындан таанышкысы келип, андан кайсы жерден экендигин сурайт. Алгачкы жолу алар ушинтип таанышкан экен. Алгачкы таанышуу учурун Мегуми төмөндөгүчө эскерет: "Атабек мага Кыргызстандан келген кыргызмын дегенде чындыгында таң калдым. Мурда эч мындай ѳлкѳнүн бар экенин укпаган экем. Кыргыз улуту тууралуу да билбептирмин. Кыргызстан деген сөздү алгач укканымда акыркы "стан" деген сѳз менен бүткѳндүктѳн, Афганистан сыяктуу жарандык согуш жүрүп жаткан же болбосо Түркмөнстан сыяктуу ѳлкѳ болуш керек деп ойлогом. Атабек мындай ойлорумду түшүнүү менен кабыл алып, Кыргызстан жана кыргыздар тууралуу мага кенен баяндап берди".

2014-жылы экөө Мексикадагы турнирге чогуу катышат. Ошол турнирде ортолорунда сүйүү сезимдери пайда болот. Алар алгачкы жолу Петр Ильич Чайковскийдин "Лебединое озеро" балетинде бийлешет. Дал ушул балет экөөнүн үй-бүлө куруу үчүн алгачкы кадам таштоолоруна себепчи болот. Мегуми Атабек экөөнүн ортосундагы пайда болгон мамиленин башталышы тууралуу тѳмѳнкүчѳ эскерет: "Алгач дос болуп жүргѳн учурларда Атабек мага бардык жактан жардам берчү. Ал турсун сумкамды да кээде кѳтѳрүп алчу. Мен дагы мага кылган мындай мамилесине кубанып, аны чыныгы джентльмен катары кѳрчүмүн. А чындыгында Атабектин мындай мамилеси мени ѳзүнѳ каратуу үчүн болгон экен".

Атабек аны Кыргызстанга чакырат. Ага жооп кылып, Мегуми да аны ѳз ѳлкѳсүнѳ чакырат. Атабек менен бирге Кыргызстанга келген Мегуми: "Алгач Атабектин үй-бүлѳсү менен таанышып, Кыргызстанды кѳрөйүн деп келгем. Бирок Атабектин үй-бүлѳсү, Кыргызстан мага бул жерде калып калышыма түрткү берди".

Ата-энеси Мацумотонун 15 жашынан бери үйдѳн, алыс чет ѳлкѳдѳ жашаганына кѳнүп калса да, анын Бишкекте жашоосу тууралуу чечимине алгач каршы болушат. Бирок убакыттын ѳтүшү менен Мацумотонун Кыргызстан тууралуу тарткан сүрѳттѳрү алардын кѳз-карашын ѳзгѳрткѳнгѳ себеп болгон. Кийинчерээк Мацумотонун ата-энеси Бишкекке келип, Кыргызстанды кѳрүп жана Атабектин үй-бүлѳсү менен таанышып кетишкен.

“Кыргыз эле болуп калдым”

Бишкекке алгач келгенде тоолорго таң калганын жана айлананы сүрѳттѳн кѳрүп жаткандай сезимдерге кабылганын жашырбаган Мацумото кыргыз элинин абдан жѳнѳкѳй жана кичи пейил экенине жүрөгү жылыйт. Ѳлкѳдѳ маданий баалуулуктардын улантылып келатканын көрүп таң калат. Мацумото кыргыз тамактарын да ѳзгѳчѳ жактырып калат. Кыргызстанды кѳрүүгѳ келген учурда кыргыздарды жакындан таануу мүмкүнчүлүгүнѳ ээ болгон жапон кызы кыргыздардын абдан меймандос эл экендигин айтат. Кыргыздарда коӊшу-колоӊдук мамиленин, той-аштын али да жандуу экендигине таӊ калган Мацумото: "Кыргыздарда үйгѳ конок көп келет жана кошуна-колоӊ менен мамилелер жакшы. Биз Атабектин туугандарына конокко көп бардык. Бул жерде бир нече тойлорго катыштым. Адамдар тойлордун кечки алтыда башталышын айтат. Бирок кѳпчүлүк учурда чакырылгандар тойго саат сегиздерде гана араң келишет. Башкача айтканда, тойго эки саат кеч келишет. Ал эми Жапонияда мындай кеч калуу жакшы кабыл алынбайт. Мен той башталаардан эрте эле барчып алчумун. Азыр болсо той башталаардан 10 мүнѳт мурда барам. Кыргыздардагы тойлорго кечигип баруу адатына мен дагы кѳнѳ баштадым. Кыргыз эле болуп калдым", - деди күлүп.

Үч жылдан бери Бишкектеги Опера жана балет театрында иштеген түгѳйлѳр ѳткѳн жылы Ысык-Кѳлгѳ барышкан. Мацумото жолдогу кызыктуу окуялар тууралуу тѳмѳнкүчѳ эскерет: "Көргөндөр мени кыргыз деп ойлошчу. Ошол себептен баары мага кыргызча кайрылышчу. Мен болсо аларды түшүнбѳгѳндүктѳн, жооп бере албайт элем. Атабек менин жапон экендигимди айтканда, ишенбей күлүшүп, менин жапончо сүйлѳп бер деп калышчу".

“Жизелди" бийлегим келет

Бишкектеги Опера жана балет театрында иштеп жаткан Мегуми кесиптештеринин баары менен жакын дос болгонун, алардын абдан сыпайы жана ар дайым жардам берүүгө даяр экендигин айтат.

"Спартак", "Дон Кихот", "Баядерка" жана "Корсар" балетинде роль жараткан Мацумото, эгер Орусияда болгондо бул жердеги жараткан ролдорун жана жетишкендиктерин ал жерде кѳрсѳтѳ албашы мүмкүн экендигин айтат. Мацумотонун бардык жаш балериналар сыяктуу эң чоң арзуусу сѳзсүз "Жизель" оюнунда роль жаратуу. Ага Кыргызстан кесиптик тармакта эле ийгиликке жеткирбей, жеке жашоосуна да бактылуулуктун эшигин ачты дейт.

Мегуминин колун кыргыз жигити Атабек ыйык сахнадан сураган экен: "Дон Кихот" балетин коюп, сахнада кѳрүүчүлѳргѳ ийилип ыраазычылык билдирип жаткан болчумун. Ошол учурда Атабек сюрприз кылып кѳрүүчүлѳрдүн астында үйлѳнүү сунушун киргизди. Абдан таң калдым, эмне дешимди билбей калдым. Болгону "Ырахмат" дегенге гана жарадым".

Даярдаган Самира Шарипова

Пикир

Оставить комментарий