• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанга коронавируска каршы "Модерна" вакцинасынын 115 миң 200 дозасы алып келинди

COVID - 19 0

Бишкек, 25.11.21. /Кабар/. Кыргызстанга коронавируска каршы "Модерна" вакцинасынын 115 миң 200 дозасы алып келинди. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, вакцина курамына дүйнөнүн 172 өлкөсү кирген COVAX линиясы аркылуу алып келинген жана Франция өкмөтү тарабынан берилген.

Вакцинаны кабыл алуу иш-чарасына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, министрдин орун басары Улук Бек Бектурганов, БУУнун Кыргызстандагы тутумунун туруктуу координатору Озонниа Ожиело, Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаусс, ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү Назира Артыкова, ЮНИСЕФ Кыргызстандагы жетекчиси Кристин Жольм катышты.

Пикир

Оставить комментарий