• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанга Кувейттин алдыңкы туристтик компанияларынын өкүлдөрү келди

Коом 0

Бишкек, 19.06.19. /Кабар/. Кыргызстанга Кувейттин алдыңкы ондукта турган туристтик компанияларынын өкүлдөрү келди. Бул тууралуу Туризм департаментинен кабарлашты.

Аталган топ, 19-24-июнь күндөрү Кыргызстандын негизги маданий объектилерин жана кооз жерлерин кыдырат. Алардын ичинде Бурана мунарасы жана Ысык-Көлдүн кооз жерлери бар: Жыргалаң өрөөнү, Рух-Ордо, Семенов жана Григорьев капчыгайлары жана Каракол шаары.

Бул иш-чаранын негизги максаты – Кувейттен келген туристтер арасында Кыргызстанга болгон кызыгуусун арттыруу. Бүгүнкү күндө Кыргызстан Кувейт менен активдүү кызматташууда. Маселен, кыргызстандык делегация Кувейттеги көргөзмөлөргө, фестиваль жана конференцияларга дайыма катышып келет.

“Акыркы күндөрү, араб өлкөлөрүнүн туристтик бизнес тарабынан да, туристтер туристтер тараптан да Кыргызстанга болгон кызыгуусу артып жаткандыгын көрүүдөбүз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий