• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстанга Кытайдан кезектеги гуманитардык жардам келди

Коом 0

Бишкек, 14.09.21. /Кабар/. Кечээ, 13-сентябрда «Манас» эл аралык аэропортуна Кытайдан жеке коргонуу каражаттарынан турган кезектеги гуманитардык жардам келди.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жүк Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу району (СУАР) тарабынан боордош кыргыз элине кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин алкагында COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө жардам берүү максатында жана ошондой эле Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоого карата өткөрүлүп берилген.

Бир жолку медициналык беткаптар - ​​3 миллион даана, N95 медициналык беткаптар - 100 миң даана жана коргоочу кийимдер - 20 миң комплект түрүндөгү гуманитардык жардам КР саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов тосуп алды.

Ал COVID-19 менен күрөшүүдө кытай тараптын жардамынын маанилүүлүгүн белгиледи. “КР министрлер кабинетинин жана Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атынан дос кытай элине ыраазычылык билдирем. Мен белекке берилген жеке коргонуу каражаттары медициналык кызматкерлердин жана коомчулуктун арасында COVID-19дун жайылышын азайтууга жардам берет деп ишенем”, - деди министрдин орун басары.

Пикир

Оставить комментарий