• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанга Кытайдан кезектеги гуманитардык жардам келди

COVID - 19 0

Бишкек, 19.08.20. /Кабар/. Кытай Эл Республикасы КР Саламаттык сактоо министрлигине кезектеги гуманитардык жардамын көрсөттү. Министрликке 25 жасалма дем алдыруу аппараты, тез жардам унаалары үчүн 29 ИВЛ аппараты, ошондой эле 6 көчмө ИВЛ аппараты, 400 медициналык беткап, 100 бетти калкалоочу калкан жана ПЧР-тесттери үчүн 20 000 сарптоочу материал берилди.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашкандай, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова жана Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь Кытай Эл Республикасынан келген гуманитардык жардамды өткөрүп берүү иш-чарасына катышты.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кытай тарапка көрсөтүлүп жаткан көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

«Бүгүн достук мамиледеги Кытай Эл Республикасынан кезектеги гуманитардык жардам келип отурат. Бир аз убакыт мурда пандемия учурунда республикага Кытай Эл Республикасынан медициналык кызматкерлердин тобу келип, кыргыз кесиптештерине чоң консультациялык көмөк көрсөтүп кетишкен. Белгилей кетсем, Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси боюнча республиканын бардык региондорунда ооруканалар курулуп, имараттар оңдолууда, анда медициналык мекемелер жайгаштырылат. Алынгын жардамдар аталган жаңы ооруканаларды жабдууга багытталмакчы», - деп белгиледи вице-премьер-министр.

Белгилесек, гуманитардык жүк медициналык жабдуулардан, дары-дармектерден жана жеке коргонуу каражаттарынан турат.

Пикир

Оставить комментарий