• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстанга Кытайдан түстүү диоддуу экрандар мыйзамсыз ташылып келген

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.03.23. /Кабар/. Кыргызстанга Кытайдан түстүү диоддуу экрандар мыйзамсыз ташылып келген. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кытайдан "И" ЖЧКсынын дарегине унаа менен айыл чарба культиваторунун бөлүктөрү, кыймылдаткычтардын фильтрлери, айыл чарба техникасынын шкивдери, маховиктери жана бурамалар келип түшкөн.

Унааны текшерүүдө 194 декларацияланбаган түстүү диоддуу экрандар жана түстүү диоддуу экрандарга зымдар табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы 5026 кг түзгөн.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар Башкы прокуратурага өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий