• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанга Кытайдын СУАРынан этникалык кыргыздар келишти - сүрөт

Коом 0

Бишкек, 20.03.19. /Кабар/. Кыргызстанга Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунан (СУАР) этникалык кыргыздардын маданий делегациясы келди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Кытайдын СУАРынан келген маданий делегация бүгүн учуп келген. Аларды Кызыл-Суу – Кыргыз автоном облусунун партиялык комитетинин мүчөсү Хайбунуер Юйшань айым жетектеп келген. Делегацияны маданият министринин орун басары Кайрат Иманалиев менен Кытайдын КРдагы элчилигинин өкүлдөрү тосуп алышкан.

"Делегация Бишкек шаарында 20-марттан 25-мартка чейин болот. Келген меймандар 21-март күнү Нооруз майрамына карата "Ала – Тоо" аянтында жана Курманжан датканын эстелигинин алдында өтө турган иш-чараларга катышып, өнөрлөрүн тартуулайт", - деп билдирет министрлик.

Ошондой эле алар 22-март күнү саат 18:00дө А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында, 23-март күнү саат 15:00дө К. Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториясында чоң программадагы концерт тартуулашат.

Мындан сырткары, делегация М. Абдраев атындагы музыкалык мектеп интернаты, Ч. Айтматовдун үй музейи, Г. Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейи, "Ата-Бейит" тарыхый мемориалдык комплексин көрүп келишет.

24-март күнү алар Кыргызстандын маданият, өнөр тармагындагы адамдары менен жолугушат.

Пикир

Оставить комментарий