• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанга майда AstraZeneca вакцинасынын 420 миң дозасы келет

COVID - 19 0

Бишкек, 14.04.21. /Кабар/. Кыргызстанга майда коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасынын 420 миң дозасы келет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

undefined

Анын айтымында, 2020-жылдын сентябрь айында Кыргызстанга аталган вакцинаны алып келүү макулдашылган.

“Бирок вакцинанын терс таасири тууралуу маалымат тарагандыктан Кыргызстан аны алууну убактылуу токтоткон. Кийинчерээк Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму терс таасир тууралуу учурлар AstraZeneca вакцинасына тиешеси жоктугу жөнүндө корутунду чыгарган. Бир катар өлкө эмдөө иштерин жандантты. Кыргызстан кирген “Ковакс” программасы КМШ өлкөлөргө вакцинаны бөлдү. Ага ылайык, Өзбекстанга 660 миң доза, Кыргызстанга 420 миң доза, Тажикстанга 290 миң доза берилет. Бул биринчи этап, экинчи этапта биз башка вакцинаны да тандасак болот”, - дейт ал.

Ишенапысова Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасы май айында келерин белгилеп кетти.

Пикир

Оставить комментарий