• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанга миң тонна күздүк буудайдын үрөнү келди

Экономика 0

Бишкек, 28.09.21. /Кабар/. Кыргызстанга Өзбекстандан бир миң тонна күздүк буудайдын үрөнү келди. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, буудайдын үрөнү 2021-жылдын 26-мартында Ташкентте кол коюлган Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын тогузунчу отурумунун протоколун аткаруунун алкагында алынып келди.

Үрөндөрдүн көлөмү супер элита, элитаны жана биринчи репродукциянын үрөндөрүн камтыйт жана аларды үрөнчүлүк чарбалары жана айыл чарба өндүрүүчүлөрү менен камсыз кылууга багытталган.

"Бул сорттор биздин дыйкандарыбызга, фермерлерибизге жакшы белгилүү, мамлекеттик сорт участокторунда мамлекеттик сыноодон өткөн, Республиканын мамлекеттик реестрине киргизилген жана өлкөнүн бардык региондорунда сугат жерлеринде колдонууга бекитилген. Аср жана Давр сортторунун потенциалдуу түшүмдүүлүгү жогору, бул Ош облусундагы контролдук участокторго дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүн 80 ц / га жогору камсыз кылат", - деп айтылат маалыматта.

Учурда алынган бардык үрөн республиканын региондоруна таркатылган жана бюджеттик ссудаларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик аркылуу зарыл болгон каттоо процедурасынан кийин 2022-жылдын түшүмүнө себүү үчүн колдонулат.

Пикир

Оставить комментарий